Италиянын Болонья шаарындагы EIMA International 2026 көргөзмөсүндө «Жылдын трактору — 2027» эл аралык конкурсунун жеңүүчүлөрү жарыяланды. Бул жылы айыл чарба тармагындагы инновациялар, атап айтканда, айдоочусуз иштеген техникалар жана экологиялык күйүүчү майларды колдонуугу өзгөчө басымга алынды.

Автономдуу жана экологиялык техникалар

Эң кызыктуу жаңылыктардын бири AgXeed AgBot T2 7 Series модели болду. Ал эң мыкты автономдуу трактор катары таанылды. Бул техника кабинасында айдоочу жок эле талаадагы иштерди өз алдынча аткара алат. Анын негизги артыкчылыгы — кайталанган жана көп убакытты талап кылган жумуштарды автоматташтыруу мүмкүнчүлүгүндө.

170ат күчү
2027жылына карата мыкты модель

Ошондой эле New Holland T7.270 Methane Power модели экологиялык таза тракторлор категориясында сыйлык алды. Бул машина дизельдин ордуна кысылган табигый газды же биометанды колдонот. Мындай чечимдер чоң чарбалар үчүн жерди иштетүүдө жана экологияны сактоодо маанилүү болуп саналат.

Фермерлер үчүн пайдасы

Мындай технологиялар өзгөчө чоң аянттарды иштетүүчү чарбалар үчүн актуалдуу. Автономдуу техника топуракты иштетүүдө жана башка узак убакытты талап кылган процесстерде механикатордын туруктуу катышуусуна болгон муктаждыкты азайтат.