Россиянын ири ишкердик бирикмелери мигранттарды уюштурулган кабыл алуу боюнча экспериментти баштоо мөөнөтүн жылдырууну сунушташты. Алгач 2027-жылдын 1-январына белгиленген баштоо датасын 2028-жылдын 1-январына жылдыруу сунушталууда.

Бизнес өкүлдөрүнүн айтымында, учурдагы мөөнөттөр зарыл инфраструктураларды — системаны ишке киргизүүчү операторду, банкттык инфраструктураны, мамлекеттик реестрлерди жана жаңы визалык тартипти түзүүгө жетишсиз. Ошондой эле, мыйзам долбоорлорундагы талаптар жумуш берүүчүлөр жана мигранттар үчүн кошумча тобокелдиктерди жаратат.

Россиянын Өндүрүшчүлөрдүн жана ишкерлер союзунун президенти Александр Шохиндун жана Башкаруу палатасынын демилгеси менен даярдалган арыз вице-премьер Татьяна Голиковага жөнөтүлгөн. Анда ички иштер министрлигинин мыйзам долбоорлорун жакшыртуу боюнча 20 сунуш камтылган.

Ишкерлер жаңы система иштей баштаганга чейин эки жылдык өтүүчү мөөнөттү түзүүнү сунушташат. Ал учурда жаңы система менен иштөөнү азыркы патент жана ишке уруксат берүү системасы менен чогуу колдонуу пландалууда.

Ошондой эле, 2027-жыл информациондук системаларды сыноо, мыйзам талаптарын даярдоо жана жаңы системанын катышуучуларын окутуу үчүн колдонулушу керек.