Президент Садыр Жапаров чет элдик жарандарга 49 жылга жер берилүүсү тууралуу жаралган талкууларга жооп берди. Ал Кыргызстандын жерлерин сатууга эч кимдин укугу жоктугун баса белгиледи.
2020-жылга чейин Кыргызстандын жалпы аянты 199,9 миң чарчы километр же 19 миллиондон ашык гектарды түзсө, чек араларды тактоонун натыйжасында мамлекеттин аймагы 15 572 гектарга көбөйүп, азыркы учурда жалпы аянт 20 миллион 9 миң 572 гектарга жеткен.
Жерлердин 94,4%ы тоо аймактарына туура келет. Айыл чарба багытындагы жерлердин жалпы аянты 6 миллион 732 миң гектарды түзөт.
Ушул айыл чарба жерлердин ичинен 1 миллион 82 миң гектар жеке менчикке таандык болуп, айыл чарба иштери үчүн колдонулууда.
Кыргызстандагы ар кандай максаттагы жерлердин 18 миллион 698 миң гектары мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турат. Мунун ичинен 18 миллион 639 миң гектары мамлекеттик, 59 миң гектары муниципалдык менчикке тиешелүү.
Инвестициялык долбоорлор үчүн мыйзам чегинде бөлүнгөн жерлердин аянты өлкөнүн жалпы жеринин 0,1% дан кем, өтө аз бөлүгүн түзөт.
Бул жерлерде заводдор, фабрикалар, логистикалык комплекстер курулуп, экономика жана жумуш орундары өнүгүшү керек.



