Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Азербайжанга мамлекеттик визиттин алкагында кеңейтилген жыйында эки өлкөнүн ортосунда чечилбеген маселелер жок экенин белгиледи.
Ал эки мамлекеттин кызматташуусу транспорт, энергетика, инвестициялар, коопсуздук жана билим берүү багыттарында чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин айтты.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Азербайжан ортосунда транспорттук, энергетикалык жана башка маанилүү тармактарда өнөктөштүк жөнүндө келишимге кол коюлат.
Жапаровдун айтымында, бул келишим эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө багытталган.



