Министрлер Кабинети Салык кызматына ишкерлер тарабынан арыз берилбестен электрондук эсеп-фактураларды (ЭСФ) бөгөттөөгө жана контролдук-касса аппараттарын эсептен чыгарууга мүмкүндүк берген өзгөртүүлөрдү бекитти. Чечим белгилүү бир мыйзам бузуулар аныкталган учурда ведомство тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.

Чектөөлөрдүн себептери жана калыбына келтирүү тартиби

Кабыл алынган ченемдерге ылайык, мындай чаралар үчүн ар кандай мыйзам бузуулар себеп болушу мүмкүн. Тактап айтканда, складдарда товардын жоктугу, анын келип чыгышын тастыктаган документтердин жоктугу же жасалма жеткирүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө сөз болуп жатат. Ошондой эле салык отчеттуулугунун берилбегендиги жана санкциялык саясатка байланыштуу тобокелдиктерден улам бөгөттөөлөр мүмкүн.

Эгер текшерүүнүн жүрүшүндө салык органдарынын шектенүүлөрү тастыкталбаса, ишкерлер кассалык аппараттардын ишин жана ЭСФди колдонууну калыбына келтире алышат.

Күчүнө кирүү мөөнөттөрү

Жаңы эрежелер расмий жарыялангандан 7 күн өткөндөн кийин күчүнө киле баштайт.