Санкциялар: Кыргызстан орус жарандары үчүн накталай эмес төлөмдөрдү жеңилдетүүнү каалайт
Кыргызстан Батыш өлкөлөрүнүн Россия банк системасына каршы киргизген санкцияларынын эки тараптуу экономикалык байланышка тийгизген таасирин азайтууну көздөйт. Бишкек 2024-жылы «Мир» карталарын кабыл алууну токтоткондон кийин, өлкө орус жарандары, өзгөчө туристтер үчүн накталай эмес төлөмдөрдү жеңилдетүү жолдорун изилдеп жатат.
«Известия» басылмасынын маалыматына таянсак, Кыргызстан Россиянын банк системасына каршы киргизилген Батыш санкцияларынын таасирин жумшартуу үчүн альтернативдик жолдорду карап чыгууда. Бул маселе өлкөгө келген орус туристтеринин ыңгайлуулугуна да тикелей тиешелүү, анткени 2024-жылы Бишкек экинчилик санкциялардын коркунучунан улам «Мир» карталарын кабыл алуудан баш тартууга аргасыз болгон.
“
Безусловно, это имеет ограничения для туристических потоков и вызывает определенные сложности... у нас очень большое количество мигрантов и взаимная торговля. Мы объясняем нашим партнерам, что изоляция именно финансовой системы Российской Федерации — это большой экономический ущерб. Поэтому мы ищем альтернативные пути для того, чтобы наши системы были взаимоувязаны.
Данияр Амангельдиев, КР Министрлер кабинети төрагасынын биринчи орун басары
Амангельдиевдин айтымында, Кыргызстанда орус мигранттарынын саны да, эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү да абдан жогору, ошондуктан финансылык системалардын өз ара байланышын калыбына келтирүү өлкөнүн приоритеттеринин катарында турат.
“
Не исключено, что комплекс этих вопросов будет обсуждаться в том числе на VIII Кыргызско-российском экономическом форуме. Он состоится в начале августа на озере Иссык-Куль.
Самат Сатволдинов, Орусия-Кыргыз бизнес кеңешинин аткаруучу директору
«Мир» картасынын тарыхы кандай болгон
«Мир» картасы менен байланышкан кыйынчылыктар 2024-жылдын февралында АКШ Улуттук төлөм карталар системасына (НСПК) — «Мир» картасын чыгарган операторго — санкция киргизгенден кийин башталган. Ошондон кийин апрель айында улуттук «Элкарт» операторунун жетекчилиги орусиялык «пластик» менен иштешүүнү толугу менен токтотууну жарыялаган.
Бул чечим мажбурлап кабыл алынган — «Элкарт» системасынын программалык камсыздоосуна кызмат көрсөткен латвиялык компания бүтүндөй банк системасын өчүрүп коюу мүмкүнчүлүгү жөнүндө эскертүү берген.