Сейсмолог Канатбек Абдрахматов «Эркин Тоо» гезитине берген маегинде ДССУнун аймактагы өлкөлөрдүн катуу жер титирөөлөргө даярдыгын күчөтүү зарылдыгы жөнүндөгү билдирүүсүнө түшүндүрмө берди.

Абдрахматов Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) бул билдирүүсү Кыргызстанда жакынкы арада сөзсүз түрдө күчтүү жер титирөө болорун билдирбейт деп баса белгиледи.

Ал ошондой эле, ДССУнун бул билдирүүсү чукул коркунучту алдын ала айтпайт жана Кыргызстанда күчтүү сейсмикалык окуя болору тууралуу тараган имиштерди жокко чыгарганын кошумчалады.