Кыргызстанда акыркы суткаларда эки жер титирөөдөн кийин сейсмологдор бул активдүүлүктү кадимки деңгээлде деп баалашууда. Биринчи титирөө Кочкор аймагында катталып, күчү 5 баллга чейин жеткен.
Экинчи толкун Ысык-Көлдүн Барскоон аймагында түнкү сааттарда сезилип, 4 баллга чейин күчөгөн. Бул окуялардын бири экинчисине тиешелүүбү деген суроолор бар.
Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахматовдун маалыматына ылайык, Кыргызстандын сейсмалык активдүүлүгү кадимки норманын ичинде турат. Бир жылда орто эсеп менен 9300дөн 9500гө чейин сейсмикалык окуялар болушу күтүлөт, анын ичинде 20-25 жолу күчү 3төн 5 баллга чейинки жер титирөө катталат.
Абдрахматов эл арасында интернет аркылуу башка өлкөлөрдөгү чоң катастрофалар тууралуу көп маалымат тараганына карабай, өлкөбүздүн абалы ага окшош эместигин белгиледи. Тынч океан аймагынын «Оттуу шакеги» катары белгилүү сейсмикалык зона Кыргызстанга тиешелүү эмес.
Ошентип, учурдагы жер титирөөлөр сейсмологияны көз карашынан кадимки нормалдуу активдүүлүк катары эсептелет жана алардан паникага түшүүгө негиз жок.










