Шайырбек Ташиевге карата 336-статтын 1-бөлүгүндө каралган коррупция фактысы боюнча кылмыш иши тергелип жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги расмий билдирүү таратты.
Коррупциялык иштин алкагында Ташиев зыян келтирилген каражаттын негизги бөлүгүн толук калыбына келтирген. Бул факт анын үй камагына чыгарылышына себеп болгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө ОАО «Кыргызнефтегаз» жана ЗАО «Кыргыз Петролеум Компани» мекемелеринин жооптуу кызмат адамдарынын коррупциялык аракеттери аныкталууда. Учурда иликтөө иштери уланып жатат.





