Бишкек шаарындагы №64 мектептин жаңы окуу корпусунун курулушунда бетон стяжкасынын чөгүп кеткени жана курулуш иштеринин сапат талаптарына жооп бербегени тууралуу коомчулукта маалыматтар тарады.
Кыргызстандын курулуш, архитектура жана коммуналдык чарба министрлиги аталган окуя боюнча расмий түшүндүрмөлөрдү берди.
Министрликтин билдиришинче, видеодо көрсөтүлгөн бөлмө мектептин төртүнчү блогунун биринчи кабатында жайгашкан.
Бул түшүндүрмө аркылуу мекеме коомчулукту жаңылыш маалыматтардан алыс болууга чакырды жана курулуш иштеринин сапатын көзөмөлдөө уланып жатканын белгиледи.





