Социалдык фонддун коомдук байланыштар боюнча башкармалыгынын башчысы Жениш Мукамбетов «Кабар» агенттинин «Элден собол» программасынын түз эфиринде бул маалыматты берген. Анын айтымыша, пенсионерлерге ай сайын болжол менен 9,3 миллиард сом төлөнүп жатат.
Социалдык фонд: Пенсияларды төлөөгө ай сайын 9,3 млрд сом керек
Социалдык фонддун коомдук байланыштар боюнча башкармалыгынын башчысы ай сайын пенсияларды төлөөгө 9,3 миллиард сом керектүү экенин билдирди. Бул каражаттар жарандардын камсыздандыруу салымдары жана республикалык бюджеттин каражатынан түзүлөт.
















