Кыргызстанда айрым пенсияга чыккан жарандар 130 миң сомдон жогору пенсия алышат. Бул тууралуу Социалдык фонддун коомчулук менен байланыш жана маалымат каражаттары менен иштөө башкармалыгынын башчысы Женишбек Мукамбетов «Кабар» телекөрсөтүүсүндө билдирди.

Мукамбетовдун айтымында, мындай пенсия алган адамдар өтө аз болгон менен, алар эмгек жолу менен төгүмдөрүн көп салгандыктан пенсиясы чоң болгон.

Ал пенсияны эсептөө камсыздандыруу принцибинде негизделгенин түшүндүрдү: адам эмгек стажы учурунда канчалык көп салым кошсо, пенсия ошончолук жогору болот.

Ошол эле учурда белгиленген президенттин жарлыгы боюнча пенсияны жогорулатууда чектөө бар. Мисалы, 130 миң сомдук пенсиядан 20% кошулушу 26 миң сомду түзмөкчү, бирок жогорулатуу 10 миң сомдон ашпайт.

Ошентип, күз айларында мындай пенсионерлердин пенсиясына көбөйтүлүү катары максималдуу 10 миң сом гана кошулмакчы.