Бизнес-план түзүлгөн учурда жаңы стартаптар банктардан 1 миллион сомго чейин насыя ала алышат. Бул сумма иштин башында аз сезилгени менен, жаңы ишти өз алдынча баштоо үчүн мүмкүнчүлүк түзөт деп белгиледи Экономика жана коммерция министрлигинин ишкердикти өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Нурбек Уметалиев.
Лицензияларды оптималдаштыруу
Ишкердик чөйрөсүндөгү бюрократияны азайтуу максатында уруксат берүүчү документтердин саны кескин кыскартылды. Министрлик тарабынан жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында лицензиялардын жана уруксат кагаздардын саны төмөнкүдөй өзгөрдү:
Нурбек Уметалиевдин айтымында, бул процесс толук бүткөн жок жана оптималдаштыруу иштери алдыга карай улантылат. Ошондой эле, жакынкы жылдары жаңы стартаптарды каржылоо көлөмүн көбөйтүү пландалууда.





