Судьялардын өзүн-өзү башкаруу органдары жөнүндө мыйзамга киргизилген жаңы өзгөртүүлөр дисциплиналык комиссиянын курамын судьялардын гана өкүлдөрү менен чектелбестен, башка тармактын адистерин да камтууну көздөйт.

СторисСудьялардын тартиптик комиссиясынын курамы өзгөрөтСлайддар: 4
  1. Судьялардын тартиптик комиссиясынын курамы өзгөрөт
  2. 10 жылдык — кесиптик тажрыйба талабы
  3. 3 жылдык — комиссия мүчөсүнүн кызмат мөөнөтү
  4. Жаңы механизмдер: Иликтөө жана чечим чыгаруу функциялары бөлүнөт; Иликтөө комиссия мүчөсү болбогон адам жүргүзөт; Отурумдарды аудио же видео жазуу милдеттүү

Комиссиянын жаңы курамы жана талаптар

Сунушталган долбоор боюнча, учурдагы тогуз адамдан турган комиссиянын курамына адвокаттар, укук коргоочулар жана юридикалык илимдин өкүлү кошулат. Комиссия мүчөсү болуу үчүн талаптар катуулатылат:

Негизги талаптар жана мөөнөттөр

10жылдык тажрыйба
3жылдык мөөнөт
2мөөнөттүн чеги

Кандидаттардын кесиптик аброю таза болушу керек жана алардын соттолгондугу жок экени текшерилет. Бир адам комиссияда катары менен эки мөөнөттөн ашык кызмат өтө албайт.

Текшерүүнүн ачык-айкындуулугу

Тартиптик иштерди жүргүзүүдө жаңы механизм сунушталууда: кызматтык иликтөө, корутунду даярдоо жана акыркы чечим чыгаруу функциялары бири-биринен бөлүнөт. Иликтөө комиссиянын мүчөсү болбогон адам тарабынан жүргүзүлүүсү керек.

Документтен

Судьянын көз карандысыздыгы анын тартиптик мыйзам бузуулары үчүн жоопкерчиликтен бошотуп койбойт.
Мыйзам долбоорунун текстинде

Мындан сырткары, комиссиянын отурумдарын аудио же видео жазууга алуу милдеттүү экени белгиленген. Судьяларды жоопкерчиликке тартуу жөнүндөгү чечимдер далилдерге таянып, негизденип берилиши зарыл.