Талас облусунун ИИМ кызматкерлеринин билдирүүсүнө ылайык, 2026-жылдын 20-ноябрында Талас районунун Жон-Арык айылында 1988-жылы туулган Т.А. аттан кулап, жаракат алып, каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Эненин айтымы боюнча окуянын шарты башкача

Арыз ээси, 75 жаштагы Салиха Чойбекова өзүнүн 38 жаштагы уулу Аман Токтогон уулунун өлүмүнө ишенбей жатат. Анын айтымында, окуя болгон күнү уулу кошунасынын үйүндөгү аш берүүдө жардам берип жүргөн. Кечинде уулун төрт досу өтө оор абалда машина менен үйүнүн алдына таштап кетип калышкан.

Менин уулумду саат жетилерде төрт досу машина менен алып келип, үйүнүн алдына таштап кетип калышты. Ошол учурда эшиктин алдында неберем бар болчу.
Салиха Чойбекова

Салиха Чойбекованын маалыматы боюнча, саат 19:30дө уулун жанына ичкен абалда алып келип, үйгө калтырып кетишкен, ал эми түнкү саат үчтө уулу каза болгондугун байкаган. Ал эми ИИМдин маалыматы боюнча, ал аттын үстүнөн кулап, денесине жаракат алган.

Текшерүү жүрүп жатат

Учурда каза болгон адамдын денесиндеги жаракаттарды аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Текшерүү иштери улантылууда.