«Жеңеке» долбоорунун алкагында үй-бүлөлүк баалуулуктардын маанилүүлүгүн эске алуу жана турмушта өз ордун тапкан аялдардын талантын ачуу максатында жаңы окуялар жарыяланууда. Бул жолу Талас районунун Көк-Токой айылынын тургуну, эки уулдун жана эки кыздын энеси Алмагүл Кенжегул кызы өзүнүн жашоо жолу менен бөлүштү.

Мектептеги ийгиликтерден магистратурага чейин

Алмагүл өзүнүн мектеп жылдарындагы активдүүлүгү жана билим алуудагы ийгиликтери тууралуу айтып берди. Ал мектепте окуучулардын лидерлигин көрсөтүп, республикалык деңгээлдеги олимпиадаларда сыйлыктарды утуп алган.

Алмагүлдин жашоосундагы маанилүү көрсөткүчтөр

29мектептин номери
8класста мектеп президенти болгон
4баласы бар

Ал Талас районундагы 29-мектепте 8-класста эле 10 жана 11-класстардын окуучуларын алдыга өтүп, мектеп президенти болуп кызмат өтөдү. Андан кийин Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетине кирди, ал эми магистратурада тарых факультетин ийгиликтүү бүтүрүп, отличите дипломуна ээ болду.

Үй-бүлө — эң башкы жетишкендик

Кенжегул кызы үчүн эң чоң сыйлык — бул анын үй-бүлөсү. Ал өзүнүн жашоо багытын үй-бүлөлүк баалуулуктар менен байланыштырат.

Менин бүгүнкү күндөгү эң башкы жетишкендиктерим жана эмгектеримдин үзүрү — бул менин үй-бүлөм. Үй-бүлө — бул мамлекеттин бир тамчысы болсо, менин үй-бүлөм — ошол тамчынын ичиндеги бүтүндөй океан.
Алмагүл Кенжегул кызы

Алмагүл өзүнүн атын атасы каза болуп кеткен чоң атасы койгонун жана өзүнүн тамыры Көк-Токой айылынан экенин белгиледи.