Бул иш-чара элдик каада-салттарды жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтуу, ошондой эле жаштарды улуттук маданиятка сыйлоого тарбиялоо максатында уюштурулду.

Сынактын шарты жана өткөрүлүүсүнүн өзгөчөлүктөрү

Айыл өкмөттөрүнөн келген катышуучулар өз тарыхын, тегин жана мекенди ыр түрүндө сунушташты. Алар кыргыз каада-салттары, кол өнөрчүлүк жана аялдардын коомдогу ролу тууралуу суроолорго жооп берип, өз таланттарын көрсөтүштү. Өткөрүлгөн мелдеште кыздардын адептүүлүгү, бала тарбиялоо жана үй-бүлөдөгү келиндин орду сыяктуу темалар кеңири талкууланды.

Жеңүүчүлөр жана сыйлыктар

Мелдеште мыкты натыйжа көрсөткөн катышуучулар райондук маданият бөлүмүнүн атынан грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланды.

Натыйжалар

1орун: Күнзаада Кенжебек кызы (Каракол айыльного аймагы)
2орун: Гүлнура Ашымбек кызы (Шумкар-Уя айыльного аймагы)
3орун: Чолпонай Искендерова (Шумкар-Уя айыльного аймагы)