Талас шаарында мамлекеттик ипотекалык программа боюнча курулуп жаткан 319 батирлүү көп кабаттуу турак жайлардын курулушу толугу менен аяктады. Бул турак жайлар “Тынчтык” кичи районунда жайгашкан.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, үйлөр Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен тургузулган. Аталган батирлер Талас облусунун жашоочуларына Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жеңилдетилген шарттарда, жылдык 4% жана 8% менен берилет.

Жаңы батир ээлерине ачкычтарды тапшыруу расмий аземи бүгүн, 24-июлда өтөт.