Баткен облусунда катуу жааган жаандан кийин сел жүрдү. Табигый кырсык 23-июлда болжол менен саат 18:30да Баткен шаарында, ошондой эле Баткен жана Кадамжай райондорунун аймагында болгон. Бул тууралуу Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Сел суулары унаа жолдоруна, турак үйлөргө, короолорго жана административдик имараттарга зыян келтирген. Жолдордун айрым жерлеринде транспорттун кыймылы убактылуу токтотулган. Мындан тышкары, кээ бир райондордо электр энергиясы өчүп калган.

Пайда болгон кырдаалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаевдин жетекчилиги астында аймактын жарандык коргоо кызматтарынын ыкчам жыйыны өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө селден жабыркаган аймактардагы кырдаал тууралуу маалымат угулду. Жооптуу кызматтарга табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу жана калктын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыкчам чараларды көрүү тапшырылды.

Биринчи кезекте Баткен районундагы «Алтын-Бешик» балдардын ден соолугун чыңдоо лагеринен 30 баланы эвакуациялоо тапшырылган. Учурда балдар коопсуз жайда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана облустун жарандык коргоо кызматтары күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.