Талас облусу Министрликке караштуу Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаментинин талас облустук бөлүмү тарабынан курулуш объектилери боюнча көзөмөл жүргүзүлөт. Аткарылган көзөмөл иштеринин алкагында, Талас шаарынын О.Өмүрбеков көчөсү, 82 дарегиндеги көп кабаттуу турак жай жана Талас районунун Арашан айылындагы 225 орундуу мектеп курулушу боюнча пландаштырылбаган текшерүүлөр өткөрүлүп, бир катар бузулуштар аныкталган.
Курулуш объектилериндеги негизги бузулуштар
Турак жай курулушу кезинде объектинин Мамлекеттик жалпы реестрине киргизилиши талаптары сакталган эмес. Ал эми мектеп курулушу кезинде курулуштун бекемдигин жана жер титирүүгө туруктуулугун камсыздоо талаптары бузулгандыгы байкалган.









