Ауганстандын Ыймандуулукту жайылтуу жана бузукулукка бөгөт коюу министрлиги министр Мухаммад Халид Ханафинин Өзбекстанга карата терс сүйлөгөнү тууралуу таралган маалыматтарды жалганга чыгарды. Бул тууранда Өзбекстан ТИМинин басма сөз кызматына таянып, Daryo басылымы кабарлады.

Ауган тарабы 16-июлда Кабулдагы Өзбекстан элчилигине расмий кат жөнөткөн. Катта Ауганстандын Өзбекстанга карата достук мамилеси белгиленип, эки өлкөнүн арасындагы диний, тарыхый жана маданий байланыштар айтылган.

Биздин бир туума Өзбекстанга карата позициябыз ачык. Бул жер ислам умматынын көптөгөн улуу окумуштууларынын, анын ичинде Имам Бухаринин мекени. Ауганстан менен Өзбекстандын арасында терең диний, тарыхый, маданий байланыштар жана элдердин жакындыгы бар. Ошондуктан айрым БАКта жана тармактарда терс деп чечмеленген айтылган сүйлөмдөр чындыкка эч кандай туура келбейт. Биз мындай пикирлерди катуу четке кагабыз жана аларды факттардын бурмаланышы деп эсептейбиз. Эки өлкөнүн ортосундагы биримдик, өз ара сый жана достук мамилелердин мындан ары да бекемделишине ишенебиз
Ауганстандын Ыймандуулукту жайылтуу министрлигинин расмий каты

Мурда, 15-июлда, BBC-нин өзбек кызматы жергиликтүү булактарга таянып, министр шейх Мухаммад Халид Ханафи "Өзбекстанда исламдан бир гана аты калды" деп айтканы тууралуу маалымат жарыялаган. Ошондой эле министр Өзбекстандагы дин ишмерлерин сынга алып, диний маселелердин динчил эмес, светтик мамлекет тарабынан жөнгө салынганына нааразылык билдирген деп айтылган болчу.