Окурмандын айтымында, мэрия эски дарактарды жаңылары менен алмаштырууну, бадалдарды жана башка жаңы көчөттөрдү тигүүнү убада кылган. Бирок анын ордуна паркта бир нече павильон курулуп жатат.
Курулуш «Ак-Суу» павильонуна жамаштыра жүргүзүлүп жатат деп белгиледи окурман.
Эске салсак, «Бишкекжашылдандыруу» муниципалдык ишканасы Дуб паркты 40 миллион сомго жакын каражатка көрктөндүрүп жатат. Тендер болгону июндун аягында жарыяланган. Подрядчик аймакты комплекстүү жаңылоону жана жаңы сугат тутумун тартууну жүзөгө ашырышы керек. Бардык иштер келишимге кол коюлгандан кийин 30 календарлык күн ичинде аяктоо талап кылынат.
Келишимге кол коюлганы же коюлбаганы боюнча мэрия так маалымат берген жок.


