Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө дээрлик 50 жыл иштеген адис өсүп келе жаткан муундун жүрүм-турумундагы жана өнүгүүсүндөгү өзгөрүүлөр боюнча байкаган ойлору менен бөлүштү. Анын айтымында, заманбап балдар мурунку муундарда болбогон бир катар көйгөйлөргө туш болушууда.
Гаджеттердин таасири жана сүйлөөдөгү көйгөйлөр
Негизги көйгөйлөрдүн бири — сүйлөө өнүгүүсүнүн кечигүүсү. Майрамбүбү Тынаева бул кубулушту мобилдик телефондорду ашыкча колдонуу менен байланыштырат. Мындан тышкары, тилдердин аралашуусу байкалууда: балдар сүйлөөлүнүн эрте баскычтарында эле кыргыз тилинин ордуна орус жана англис тилдериндеги сөздөрдү колтоно башташат.
"Менимче, заманбап балдардын сүйлөө өнүгүүсүнүн кечигүүсүнө телефон чоң таасир этүүдө. Кээ бир балдар сүйлөй баштаганда эле кыргыз тилинин ордуна өз сүйлөөсүндө орус жана англис тилдериндеги сөздөрдү аралаштырып жатышат. Мунун баарына телефон күнөө деп эсептейм. Азыр балдарды телефондон ажыратуу кыйын болуп калды. Алардын оюнчуктарга болгон кызыгуусу төмөндөп кетти, атүгүл үйүндө телефон бербесе, капа болуп, ыйлап баштаган балдар да бар."
Санариптик көз карандылыктан тышкары, педагог балдардын ден соолугунун абалына тынчсыздануусун билдирди. Ал бала бакчалардын шарттарында өзгөчө көңүл бурууну талап кылган, тарбиялануучулардын иммунитетинин алсырашы жана тез-тез ооруп туруу учурларын белгилейт.
Контекст
Майрамбүбү Тынаева Ат-Башы районундагы Күмөндөра Тыналиев атындагы бала бакчада 1978-жылдан бери тарбиячы болуп иштеп келет.









