Дайырбек Орунбековдун мурда жасаган билдирүүсүнө күтүлбөгөн жерден Камчыбек Ташиевдин адвокаты жооп берди. Ал Орунбековдун сөздөрүн туура эмес деп эсептейт.
Адвокаттын айтымында, Орунбеков сот чечими чыгарылганга чейин эле кимдир бирөөлөрдүн камакка алынышы жана жоопкерчиликке тартылышы жөнүндө айтып, күнөөсүздүк презумпциясын бузган.
Мындай билдирүүлөр коомдо адамдардын күнөөлүү экени жөнүндө алдын ала пикир калыптандырат деп белгилейт адвокат. Ал муну ачык өз пикирин билдирген адамдарга карата эскертүү катары кабыл алынышы мүмкүн экенин да айтты.

