Эркин-Тоо» булагынын маалыматы боюнча, бүгүн саат 11:00дөн тарта Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына киргизилген чектөөлөр толугу менен алынды.
Бул чектөөлөр аба ырайынын шарттарына байланыштуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жолдо тыгындардын алдын алуу максатында киргизилген болчу. Чектөө учурунда Сосновка постунан оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсү токтотулган.
Учурда ашуу аркылуу оор жүк ташуучу унаалардын кайрадан өтүүсүнө уруксат берилди.








