Борбордук шайлоо комиссиясы мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын добуш берүү укуктарын камсыздоо механизминин жаңы редакциясын расмий жарыялады.
Жаңы Положение укуктук нормаларды жаңылоону, терминологияны бириктирүүнү жана шайлоочулар үчүн шарттарды системалуу түрдө түзүүнү максат кылат.
Муну менен катар "мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар" түшүнүгүн "мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар" терминине өзгөртүүлөр киргизилди.
Бул документте шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда гана шарттар түзүлбөй, алар шайлоолордун ортосунда да туруктуу негизде камсыздалышы керектиги белгиленди.
Ошондой эле, Цифралык кодекстин талаптарына ылайык, Шайлоо комиссиясы, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрү менен кызматташуунун формалары жаңыртылды.






