2017-жылдан бери Түп токой чарбасында токойчу болуп иштеген Самат Шулгаубаев бош убактысын көчөттөрдү күтүүгө жумшайт. Процесс тоолордон урук чогултуудан башталып, үй бакчасында уланат.

Өстүрүү процесси жана баасы

Урук алуу үчүн бакчы мезгилге жараша кабыкчаларды чогултат: мисалы, көк арчанын кабыкчаларын июль айынын аягы — август айынын башында (негизинен Ысык-Көл районунда), ал эми карагайды — январь-февраль айларында чогултушат. Чогултулгандан кийин уруктар жаз айларына чейин айнектүү идиште сакталып, андан кийин себилет. Алгачкы өскөн өсүмдүктөр жаңы жерге которулуп, эки жылдан кийин кайрадан которуу иштери жүргүзүлөт.

3 000көчөт өстүрөт
40минималдуу баа (сом)
4 000maksimum баа (сом)
Токой чарбасына орношкондон кийин арчанын уруктарын чогултууга жана аларды өстүрүүгө кызыгам. Андан кийин көчөттөрдү үйүмдүн жанындагы бакчага отургузууну чечтим. Муну жумушка барганда да, жумуштан келгенде да аткарам. Ар бир даракты өстүрүү жана аларды күтүү мага жакшы эс алууга жардам берет
Самат Шулгаубаев, токойчу

Контекст

Самат Шулгаубаев Түп токой чарбасында иштейт. Анын ишмердүүлүгү Түп районунун Корумду айылында жүргүзүлөт.