Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда өрүк жыйноо башталды. Учурда жергиликтүү тургундар өрүктү килограммына 40 сомдон жогору баада сатышууда. Ал эми «Шалах» сортундагы өрүктүн баасы килограммына 110 сомго чейин жетет.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, өрүк сатып алуу үчүн районго Орусия жана Казакстандан соодагерлер келишет.

Райондун жетекчилеринин билдирүүсү

Район акими Эрмек Бахавадиновдун билдирүүсүнө ылайык, райондогу өрүк жана алма бактарынын аянты жыл сайын кеңейүүдө. Учурда өрүк бактары 2500 гектар аянтка отургузулган. Ошондой эле жыл сайын чет өлкөгө 150 миң тоннага чейин түшүм экспорттолот.

Жети-Өгүз районунда

2500гектар өрүк бактары
150 миңтонна өрүк жыл сайын экспорттолот

Жаргылчак айыл өкмөтүнүн башчысы Бактияр Ургазиевдин айтымында, алардын айылында өрүктүн 6 сорту өстүрүлөт. Бул жылы сезондун башталышында өрүктүн баасы 70 сомдон башталган болсо, азыр килограммы 40 сомдун тегерегинде. Жыл сайын алардын айыл аймагынан чет өлкөгө 7 миң тоннага чейин өрүк экспорттолот.

Жаргылчак айыл өкмөтү

6өрүк сорттору өстүрүлөт
7 миңтонна өрүк экспорттолот

Өз кезегинде жергиликтүү тургундар логистикалык борборлордун жана өрүктөрдү узак мөөнөткө сактоочу кампалардын санын көбөйтүү түшүмдү шашпай, жогору баада сатууга мүмкүндүк берерин белгилешти.