Жаза өтөө мекемесиндеги жаран жасалма долларларды сатууну уюштургандыгы тууралуу маалымат тарады. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал жазасын өтөп жатып, жасалма банкнотторду сатуу үчүн сатып алуучуну таап, тааныштары аркылуу келишимди координациялаган. Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө жалпы суммасы 18,2 миң доллар болгон жасалма банкноттор колго түшүрүлгөн.