Бишкек, Каракол жана Кербен шаарларынан келген 130 мектеп окуучусу Яндекс Кыргызстан программалоо мектебинде акысыз курстарды аяктады. Бир жыл бою өспүрүмдөр Python тилин, алгоритмдерди жана иштеп чыгуунун негиздерин үйрөнүп, алган билимдерин практикада колдонушту.

Быйыл бул программага кызыгуу өзгөчө жогору болду: 1300дөн ашык арыз түштү. Буга байланыштуу Яндекс Кыргызстан орундардын санын эки эсеге көбөйтүп, онлайн окутууну ишке киргизди. Бул заманбап IT-көндүмдөрүн алуу мүмкүнчүлүгүн Бишкектин окуучуларына гана эмес, өлкөнүн башка аймактарынан келген мектеп окуучуларына да жеткиликтүү кылды.

Яндекс Кыргызстан программалоо мектебине жаңы кабыл алуу сентябрь айында ачылат. Катышуучу болуу үчүн тест тапшырып, маектешүүдөн өтүү керек. Программа тууралуу толук маалыматты жана каттоо башталгандыгы жөнүндө кабарды долбоордун расмий сайтынан таба аласыз.