Түштүк Кореянын борбору Сеулда 2026-жылдын 6-17-сентябрь аралыгында «Түштүк Корея – Борбордук Азия» саммити болот. Бул форматтагы жыйын биринчи жолу өткөрүлүп жатат жана региондук кызматташтыктын жаңы этабы катары бааланат.
Түштүк Корея менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн биринчи саммити сентябрда Сеулда өтөт
2026-жылдын сентябрында Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында «Түштүк Корея – Борбордук Азия» форматындагы биринчи саммит уюштурулат. Ага Борбордук Азиянын беш өлкөсүнүн лидерлери катышат, ошондой эле Кыргызстан менен Кореянын президенттеринин экитараптуу жолугушуусу пландаштырылып жатат.






























