Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мен Түндүк Кореяга согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону чакырды. Бул тууралу ал расмий билдирүү жасады.
Ли Чжэ Мен учурдагы өз ара чечилбей келе жаткан согуштук абалды туруктуу эмес деп мүнөздөп, аны тынчтык режими менен алмаштыруу багытында аракеттерди жасай турганын билдирди.
Бул чакырык эл аралык коомчулуктун сынына дуушар болгон Корея жарым аралындагы чыңалууну төмөндөтүүгө багытталган кадам болуп эсептелет.




