Бул демилге улуттук инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү максатында сунушталган. Мыйзам долбоорунун боюнча, мүлктү залогго коюу чечимин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы өз алдынча кабыл алат.
Кеңештерди кабардар кылуу милдеттемеси
Аткаруучу органдар мүлктү залогго берүү тууралуу чечим чыгаргандан кийин, 10 жумушчу күндүн ичинде жергиликтүү кеңешке кабарлап коюулары керек болот. Мындай чечимдер болгону Министрлер Кабинети тарабынан тандалып алынган жана тийиштүү тизмеге киргизилген инвестициялык долбоорлор үчүн гана колдонулат.
Эмне үчүн мындай өзгөртүүлөр керек?
Депутаттык демилгенин авторунун айтымында, учурдагы тартипте жергиликтүү кеңештерден алдын ала макулдук күтүү инвестициялык долбоорлордун ишке ашышын кечиктирип жатат. Жаңы тартип региондордун инвестициялык тартылуучулугун жогорулатууга шарт түзөт.
Ошол эле учурда, сунушталып жаткан мыйзам муниципалдык менчикке карата жергиликтүү кеңештердин контролун толугу менен алып салбайт.










