Умра — ыйык жерлерде аткарыла турган сыйынуу болгондуктан, анын уюштурулушу өзгөчө эрежелерге таянат. Мусулмандар руханий башкармалыгынын Умра бөлүмүнүн башчысы Абдулазиз Туташпаев паломниктерге тандоо жасоодо этият болууну сунуштады.

Компания тандоо жана келишим түзүү

Абдулазиз Туташпаевдин айтымында, бүгүнкү күндө ар бир жаран аккредитациядан өткөн компаниялардын ичинен өзү каалаганын тандап алууга укуктуу. Бирок, кээ бир учурларда жарандар өз укуктары жана талаптар жөнүндө толук маалыматсыз болушу мүмкүн. Ошондуктан, компаниянын ишмердүүлүгү менен кенен таанышуу, тажрыйбалуу адамдар менен кеңешүү же түздөн-түз тиешелүү бөлүмгө кайрылуу сунушталат.

Ранее по темеУмра саякатын уюштуруучуларга карата жоопкерчилик күчөтүлөт

Саякатка чыгаардан мурун паломник тандалган компания менен расмий келишим түзүүгө тийиш. Төмөнкү жагдайларды текшерүү маанилүү:

  • Келишимдин бардык шарттарын кылдат окуу
  • Чыгымдардын өлчөмүн тактоо
  • Мыйзам талаптарын билүү
  • Компаниянын мурунку ишмердүүлүгүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын текшерүү
Ошондон кийин гана каттоо боюнча чечим кабыл алуу керек.
Абдулазиз Туташпаев

Хадж жана Умра ортосундагы айырма

Саудия Арабиясынын Мекке жана Медина шаарларына баруу мусулмандар үчүн эң улуу сыйынуулардын бири болуп саналат. Аны аткаруунун эки түрү бар: хадж (чоң паломничество) жана умра (чакан паломничество). Хажды Муфтият уюштурса, умраны жеке компаниялар камсыз кылат.