Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (КМДБ) басма сөз кызматы билдиргендей, ведомстволор аралык комиссиянын 2027-жылдагы умра жана ажылыкты уюштуруу боюнча жыйыны болуп өттү. Жыйында ажыларды каттоо, зыяратчыларды ташуучу авиакомпанияны тандоо, эмдөө иштерин уюштуруу жана зыяратчылар үчүн бирдиктүү форманы даярдоо сыяктуу маселелер талкууланды.

Ажылык-2027 каттоого жаңы эрежелер киргизилери белгиленди. Каттоо "Умра-Ажылык" мобилдик тиркемеси аркылуу бирдиктүү санарип системасында жүргүзүлөт. Бул система кезектерди түзүүгө, квоталарды бөлүштүрүүгө, төлөмдөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле кайрылууларды кароого жана башка жол-жоболорду аткарууга мүмкүнчүлүк берет.

Бул чечим ажылыкка барууну каалаган жарандар үчүн каттоону ыңгайлуу жана ачык-айкын кылуу максатын көздөйт.