Wildberries маркетплейси кампадагы кол салууга байланыштуу зыянга учураган ишкерлерге төлөмдөрдү жүргүзүүнү баштады.

Биринчи этапте 88 миңден ашуун ишкерге төлөмдөр жасалды, ал эми экинчи этапта дагы 97 миңден ашуун чакан жана орто бизнес өкүлдөрү жардам алаары жарыяланды.

Акчалар ишкерлердин Wildberries ичиндеги эсептерине которулуп, белгиленген график боюнча чыгарууга мүмкүнчүлүк берилет.

Мындан тышкары, компания саткан товарларды сактоонун жана логистиканын жеңилдетилген шарттарын түздү, ошондой эле банк аркылуу насыялык каникулдарды сунуштады.