Wildberries компаниясы өзүнүн логистикалык кампаларында болгон өрт кырсыгынан жабыркагандар менен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө каржылык колдоо көрсөтөрүн жарыялады.

Компаниянын ээси Татьяна Ким билдиргендей, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 2 миллион рубльден жардам көрсөтүлөт, оор абалдагы жабыркагандарга 1 миллион рубль өлчөмүндө каражат каралган.

Өрт кырсыктар Электросталь жана Котовск шаарларындагы кампаларда катталган. Электросталда 45 адам жабыркап, 1 адам каза болсо, Котовскто 7 адамдын өмүрү кыйылып, 32 адам жараат алды.

Российская компетенттүү органдарынын маалыматы боюнча каза таап жана жабыркагандар арасында жарандыгы белгисиздер бар, анткени кээ бирлеринин документтери өрттөн жок болуп кеткен.

Расмий маалымат боюнча кыргыз жарандары каза болгон жок. Бир кыргызстандык жаран, 2005-жылы туулган А. Ж. уулу жеңил жараат алганы жана абалы канааттандырарлык болгондугу маалымдалды.

Мурда Кыргызстандын Москвадагы элчилигине 2005-жылы туулган кыргызстандык кыздын издөөгө байланыштуу маалымат келип түшкөн. Бирок ал өз үй-бүлөсүнө кабар берип, байланышта болгон.

Ошондой эле компаниячы өнөктөштөрүнө жоголгон товарлар үчүн компенсацияларды да карап жаткандыгын, расмий портал аркылуу бул боюнча маалымат берилерин белгиледи.