Ысык-Көл районунда 32 жаштагы эркек киши көлгө чөгүп кетти. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Кырсык тууралуу билдирүү 13-июль күнү кечки саат 21:30 чамасында нөөмөт бөлүмүнө келип түшкөн. Окуя Сары-Ой айылындагы пансионаттардын биринин аймагында орун алган.

Тергөө-ыкчам тобу кырсык болгон жерге барып, алдын ала алынган маалыматтарга караганда, эркек киши кечки сааттарда көлгө түшүп, белгисиз себептерден улам чөгүп баштаган.

Эс алуучулар жакын арада аны суудан чыгып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабырлануучу райондук ооруканага жеткирилген жана жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Дарыгерлердин аракетине карабастан, эркек кишини сактап калууга мүмкүн болгон жок. Учурда бул факт боюнча тергөө-ыкчам аракеттери жана соттук-медициналык экспертиза дайындалып жатат.

Милиция тургундарды жана эс алуучуларды суунун коопсуздугу эрежелерин так сактоого чакырат. Ошондой эле ата-энелер балдарын көл жээгинде көзөмөлдө кароого үндөлүүдө.