Социалдык тармактарда Ысык-Көлдөгү "Париж" пансионатынын пляжында 24-июль күнү кыз сууга чөгүп каза болгондугу тууралуу видео жарыяланды. Бул маалыматты Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы тастыктады.

Башкармалыктын маалыматына ылайык, окуя болгон жерде тергөө-ыкчам тобу иштеп жатат. Аталган факты каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

Милициядан белгилешкендей, сууга чөгүп кеткен кыз 12 жашта болгон.