Жалал-Абад облусунун Ала-Букан району жана Баткен облусунун Кадамжай району боюнча РОВД башчылары болуп турган полковниктер Эрнис Сатаров жана Болотбек Кундузов кызматтан алынды.
Жергиликтүү булактардын маалыматына караганда, кадрдык чечимдер Ички иштер министрлигинин коллегиясында каралып, бекитилген.
Ички иштер министрлиги башчылардын кызматтан бошотулушу тууралуу маалыматты төгүндөгү жок, бирок бул боюнча расмий комментарий берүүдөн баш тартты.





