27-июлда Чолпон-Ата шаарында Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков эл аралык иш-чараларды өткөрүү мезгилинде коопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык штабдын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана башка маанилүү эл аралык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коопсуздукту камсыздоо боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жүргүзгөн иштери тууралуу маалыматтар угулду. Ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын жана ар кандай окуялардын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар да талкууланды.