Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргызстанда Кытайга каршы маанайлардын күчөп жаткандыгына токтолду.
Ал мындай маанайлардын коомдогу туруктуулукка терс таасирин тийгизип, өлкөнүн ички жана тышкы коопсуздугуна коркунуч жаратканын айтты.
Жапаров мындай көйгөйлөрдү сырттан жана ичинде иштеген күчтөр пайдаланып жатканын белгиледи.










