Бишкекке болгон сапарында окумуштуу Андрей Райгородский заманбап технологиялар изилдөө ишмердүүлүгүн кантип трансформациялап жатканын талдады. Анын айтымында, нейротүйүндөрдүн өнүгүшүнө карабастан, математиктер келечекте дагы да суроо-талапка ээ адистер болушу мүмкүн.

Фундаменталдык билимдин ролу

Жасалма интеллекттин өнүгүшү заманбап илимдин көрүнүшүн өзгөртүүдө, бирок бул терең билимдин зарылчылыгын жокко чыгарбайт. Дүйнөлүк деңгээлдеги окумуштуулук карьерага умтулган жаш кыргызстандыктар үчүн сапаттуу фундаменталдык билим алуу негизги фактор болуп кала берет.

МФТИнин Колдонмо математика жана информатика боюнча Физтех мектебин жетектеген Андрей Райгородский жаңы технологиялар менен иштөө үчүн база болуп кызмат кылган математиканын ички сулуулугун түшүнүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.