Кыргызстандын Жогорку Соту соттолгон жаранга карата чыгарылган өкүмдү күчүндө калтырды. Бул чечим менен майыптыгы бар адамдын мүлкүн тартып алып, аны сабаган шектүүлөрдүн күнөөсү ырасталган.
Kaktus.media басылмасынын жазганына ылайык, соттолгон жаран шериктеши менен бирге майыптыгы бар кишинин үйүн мыйзамсыз ээлеп алган. Андан соң, алар жабырлануучуну ур-токмокко алып, башка мүлкүн да өзүнө каттоону талап кылышкан.








