Жумгал районунда укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана жарандардын катышуусу менен тегерек стол өткөрүлдү. Бул жолугушууда элден келип түшкөн көптөгөн арыздар жана даттануулар боюнча аткарылып жаткан иштер каралды.

Совет доорундагы мүлктөрдүн абалы

Чаек айыл өкмөтүнүн өкүлү Эраш Кумарбеков Чаектеги совет доорунда жеке менчикке өтүп кеткен имараттар жана жер участоктору жөнүндө маселени көтөрдү. Анын айтымында, эт комбинаты, дүкөндөр, Турмуш-тиричилик үйү, мурдагы универсам, химиялык ишкана жана жер участоктору боюнча кайра-кайра арыз берилгени менен, мүлктөр дагы деле мамлекеттик менчикке кайтарыла элек.

Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү бул маселелердин бардыгы мыйзам чегинде каралып жатканын жана бул багыттагы иштер улантылып жатканын белгилешти.

Иш-чарага катышуучулар

Тегерек стол Чаек айылдык кеңешинин депутаты, жер комиссиясынын төрагасы Барчынбек Орозобековдин сунушу менен өткөрүлдү. Иш-чарага райондук бийлик өкүлдөрү, фермерлер жана жергиликтүү бийлик тарабынан көйгөйлөргө туш болгон ишкерлер катышты.

Контекст

Иш-чарага Жумгал районунун акими Исматилла Мамытов, Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун төрагасы Куралбек Бектемиров, райондук прокурор Бектурган Пазилов жана Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Орунбай Кочкоров катышты.