Нарзан айыл аймагына караштуу, Кара-БалтаБишкек жолунун боюнда жайгашкан көп улуттуу Беловодское айылынын борбордук мечитинин кире беришинде мрамор таштан жасалган эстелик турат. Ал эстелик 1916-жылдын Үркүн окуяларынын курмандыктарына арналган.

Шейиттер: бул жерде 1916-жылдын августунда падышалык Россиянын колониалдык саясатына каршы чыккан 517 кыргыз өзгөчө ырайымсыздык менен өмүрүнөн кыйылган. 1991-жылы «Ак-Суу» мусулман топтору мечит куруу демилгеси менен чыгып, эстеликти негиздешкен.