Туризм тармагын өнүктүрүү социалдык тармактарда жаратылыш объекттерин популярдаштырууну гана эмес, толук кандуу инфраструктура түзүүнү да талап кылат. Негизги милдеттер катары конокторду жайгаштыруу, сапаттуу тейлөө, жолдорду жасалгалоо жана коопсуздукту камсыз кылуу саналат.

Жаңы иш форматы жана Ala-Too Resort

Улуттук колорит элементтери менен заманбап стилде жасалган ведомдогу жаңы кеңседе өткөн жолугушуунун жүрүшүндө агенттиктин жана фонддун учурдагы ишмердүүлүгүнүн багыттары талкууланды. Кышкы туризмди өнүктүрүүгө жана өлкөнүн эл аралык имиджин чыңдоого багытталган Ala-Too Resort артыкчылыктуу долботордун бири деп аталып жатат.

Ведомстволордун штаттык саны

18–20агенттиктеги кызматкерлер
50фондду эсепке алганда жалпы кызматкерлер

«Ачык кабинет» долбоору журналисттерге расмий пресс-релиздерди гана көрүүгө эмес, чечим кабыл алуунун ички процесстерин жана тармактын актуалдуу көйгөйлөрүн түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө багытталган.