Ош шаардык мэриясында Жанарбек Акаев менен Мамлекеттик туризм агенттигинин директору Эдуард Кубатов жолугушуп, шаардагы туризмдин өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Жолугушууда тактап айтканда мейманканалар секторун өнүктүрүү, туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана шаардагы тарыхый жана маданий мурастарды пайдаланып, экономиканын өсүшүн камсыздоо маселелери көтөрүлүп, маанилүү экени белгиленди.
Тараптар Ош шаарынын туристтик потенциалын жогорулатуу максатында активдүү кызматташтыкты улантууга макул болушту.
















