Республикалык ден соолук күчөтүү жана коомдук коммуникация борборунун маалыматы боюнча, балдардын күнүмдүк тамагы ар кандай азык-түлүктөрдү камтышы керек. Азыркы учурда балдардын рационогунда күн сайын кеминде 15 түрлүү азык-түлүк болушу, ал эми жума бою 30 түрлүү азык-түлүк болушу зарыл деп эсептелип жатат.

Балдардын тамагынын негизги элементтери

  • Күн сайын менюда эти, сары май, сүт, нан, талкан, жаңы жашылчалар жана жемиштер болушу керек.
  • Балык, жумуртка, каймак, сыр, айран жана башка кычкыл сүт азыктарын жумасына 2-3 жолу жегенди сунушташат.