Аймактардагы бизнеске жеңилдетилген насыялар “КР аймактарын экономикалык өнүктүрүү” долбоорунун алкагында берилет. Бул программанын негизги максаты — өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн колдоо.
Кимдер насыя ала алат?
Жеңилдетилген насыяларды жеке ишкерлер, юридикалык жактар, ошондой эле даяр стартап-идеясы бар жарандар ала алышат. Каржылоо экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган.
- Туризм
- Жеңил өнөр жай
- Өндүрүш
- Саламаттыкты сактоо
- Билим берүү
- Энергетика
- Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү
Насыянын шарттары
Программанын шарттары боюнча насыянын суммасы 20 миллион сомго чейин жетиши мүмкүн, каржылоо мөөнөтү 10 жылга чейин, ал эми пайыздык ставка жылына 2%ды түзөт. Долбоордун өзгөчөлүктөрүнө жараша, негизги карызды төлөө боюнча 12 айга чейин жеңилдетилген мезгил берилиши мүмкүн.
Катышуунун милдеттүү шарттарынын бири – бул өз салымынын жана ликвиддүү күрөөнүн болушу. Стартап-долбоорлор үчүн арыз берүүчү банк эсебинде суралган насыя суммасынын кеминде 30% өлчөмүндө өз каражаттары бар экенин тастыкташы керек. Ал эми иштеп жаткан бизнес үчүн бул көрсөткүч кеминде 10%ды түзөт.
Кайсы жакка кайрылуу керек?
Бюджеттик насыяны алуу үчүн “Мамлекеттик Финансылык Холдинг” ААКнын облустук өкүлчүлүгүнө кайрылып, белгиленген тизмеге ылайык документтердин толук пакетин тапшыруу зарыл.







